Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адахан Мадумаров: ЖКда оппозиция жок, жөн гана эл көзүнө роль бөлүшүп ойношууда

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун архивдик сүрөтү
Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров оппозициянын классикалык маанисинде кыргыз парламенти жетиле элек деген ойдо.
Адахан Мадумаров: ЖКда оппозиция жок, жөн гана эл көзүнө роль бөлүшүп ойношууда

ЖКда оппозиция жок, жөн гана эл көзүнө роль бөлүшүп ойношууда. Бул тууралуу саясатчы Адахан Мадумаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Парламентте оппозиция деген түшүнүк жок. Анткени баарынын көз карашы бир. Жөн гана эл көзүнө роль бөлүшүп ойношу акылга сыйбаган нерсе. Бүгүн оппозиция болуп туруп, эртең позиция болот. Андыктан оппозиция деген классикалык түшүнүктөгү мааниде кыргыз парламенти жетиле элек. РАЖ оппозицияга өтүп баратып референдумду колдой тургандыгын жар салып жатат. Ушул ишенимби?" — деди Мадумаров. 

Экс-спикер оппозициядабыз деген депутаттар КСДП фракциясынын демилгелерин колдойт деген пикирин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0