Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мирлан Исраилов: Ош шаарына курула турган көпүрө жол тыгынды азайтат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов
Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпүрө шаардын түштүк-чыгыш аймагына салынган көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка курулат.
Мирлан Исраилов: Ош шаарына курула турган көпүрө жол тыгынды азайтат

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов Баю-Сай менен Тилеке баатыр көчөсүн бириктирген көпүрө куруу үчүн тендер жарыяланганын билдирди.

Анын айтымында, бул көпүрө курулушу менен жол тыгындары азаят. 

"Рыспай Абдыкадыров атындагы көпүрөнүн курулганына 30 жылдан ашты. Эми жаңы вариантта курганы жатабыз. Бул көпүрө ишке берилсе айдоочулар үчүн альтернативдүү жол болуп, жол тыгындар азаят", — деп билдирди Исраилов. 

Ал ошондой эле көпүрө шаардын түштүк-чыгыш аймагына салынган көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка куруларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0