Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдисатар Садыков: кызды куткаргандан кийин 30-40 метрдей агып бардым

© Фото / Мурза ДобутовТажик кызын чоң каналда агып бараткан жеринен сактап калган Абдисатар Садыков (солдо)
Тажик кызын чоң каналда агып бараткан жеринен сактап калган Абдисатар Садыков (солдо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 31-октябрда саат түшкү 12лер чамасында Көк-Таш айылына жетпей Миң-Өрүк участкасынын ортосунда болгон.
Абдисатар Садыков: кызды куткаргандан кийин 30-40 метрдей агып бардым

Тажик кызын чоң каналда агып бараткан жеринен сактап калган Абдисатар Садыков окуя кандай болгонун айтып берди.

Аталган канал Баткендеги Төрткүл суу сактагычына куят. 

"Жолдо баратканда бир бала кол булгалап калды. Эмне болду десек, каналдан бирөө агып баратканын айтты. Чуркап барсак, каналдан бир карасаң, жаш бала, бир карасаң кыздай көрүнүп, киши агып келе жатыптыр. Аны куткарып алгандан кийин 15-16 жаштагы кыз экенин билдик. Мен өзүм дагы каналдан кайта чыга албай 30-40 метрдей агып бардым. Шериктерим чыгарды", — деди ал.

Куткарылган кыз ошол жерден эле чек ара тозотунун кызматкерлерин чакырылып аларга өткөрүп берилген. Тажик кызы кыргызча, орусча же өзбекче билбегендиктен каналга кантип түшүп кеткенин сурап, жооп ала алууга мүмкүн болгон эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0