Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрнис Осмонбаев: окуучунун асынып калышы боюнча кылмыш иш козголду

© Фото / Данислан АсамадиновСотрудник пресс службы МВД КР Эрнис Осмонбаев
Сотрудник пресс службы МВД КР Эрнис Осмонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык мындан төрт күн мурун болгон.
Эрнис Осмонбаев: окуучунун асынып калышы боюнча кылмыш иш козголду

Асынып калган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековдин ата-энесинин арызынын негизинде Сузак РИИБи кылмыш ишин козгогонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

"Кылмыш иши каза болгон окуучу баланын ата-энесинин арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси "Бейбашчылык" боюнча кылмыш иши козголду", — деди Осмонбаев.

Ал ошондой эле тергөө амалдары жүрүп, сот-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады. 

Эскертсек, 23-октябрда мектеп окуучусу Сузак районунун Сымкат айылындагы үйүндө асынып калган. Маркумдун туугандары аны айылдашы кордоп уруп, 10 миң сом менен пневматикалык куралдук уурдадың деп моюнга алдырууга аракет кылганын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0