Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбек Жапаров: мамлекет төрөлгөн балага 6 миң сом сүйүнчү бериши керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров аталган маселе 2005-жылы көтөрүлгөнүн кошумчалады.
Акылбек Жапаров: мамлекет төрөлгөн балага 6 миң сом сүйүнчү бериши керек

Ар бир төрөлгөн балага сүйүнчүсүнө 6000 сом берүү керек. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

"Ар бир төрөлгөн кыргыз жаранына мамлекет 6 миң сом сүйүнчү бериши керек. Бул маселе 2005-жылы көтөрүлүп, анда сүйүнчүгө 600 сом берүү киргизилген. Андан соң өкмөт колунда жокторго гана сүйүнчү берели дептир. Бардык эле үй-бүлөдө бала төрүлүп жатат да", — деди Жапаров. 

Эл өкүлү төраганы аталган маселени жеке көзөмөлгө алуусун өтүндү. Ал эми спикер Чыныбай Турсунбеков маселе боюнча дароо ЖК аппаратына тапшырма берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0