Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Канат Исаев: өкмөт башчы, төрага КСДПдан, комитет төрагасын башкага берсе болмок

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын лидери Канат Исаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетинин төрагалыгын шайлоо боюнча пикирин айтты.
Канат Исаев: өкмөт башчы, төрага КСДПдан, комитет төрагасын башкага берсе болмок

Өкмөт башчы, төрага КСДПдан болду, комитет төрагасын башка фракцияларга бериш керек эле. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы расмий түрдө коалициядан чыга тургандыгын билдирген. Аталган фракция көпчүлүк коалициядагы акаевчи, бакиевчи делгендер жана мародерчулукка шектелгендер менен бир боло албай тургандыгын айткан.

Ал эми КСДП фракция лидери Иса Өмүркулов ЖКнын тармактык комитети аларга тийгендигин айтып, башка фракциялар талашып чыккандагын белгилеген. 

"Мен Иса Шейшенкуловичтин сөзүнө тактоо киргизип кетсем. Буга чейин өкмөт башчы башка фракциядан болгондуктан, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетинин төрагалыгы КСДПга берилген. Бирок кийин премьер-министр болуп КСДПдан келди. Төрага да силердин фракциядан. Андыктан биз комитет төрагалыгын башка фракцияга берсе болорун айтканбыз", — деди Исаев. 

Белгилей кетсек, аталган комитетке төрөгалыкка "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын талапкери өтпөй, КСДП өкүлү Асел Кодуранова шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0