Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Төрөбаев: көпчүлүк коалициядагы чечимдер башка жактан чыгып турган

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции "Онугуу — Прогресс"
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции Онугуу — Прогресс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев көпчүлүк коалициясы эмне үчүн тарагандыгын айтып, КСДП фракциясына бир топ айыптарды койду.
Бакыт Төрөбаев: көпчүлүк коалициядагы чечимдер башка жактан чыгып турган

Көпчүлүк коалициядагы чечимдер башка жактан чыгып жатты. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы расмий түрдө коалициядан чыга тургандыгын билдирген. Аталган фракция көпчүлүк коалициядагы акаевчи, бакиевчи делгендер жана мародерчулукка шектелгендер менен бир боло албай тургандыгын айткан. Бүгүн болсо көпчүлүк коалиция расмий түрдө тарагандыгы тууралуу Жогорку Кеңеште жарыяланды.

"Биз далил жана аргумент менен сүйлөшүбүз керек. Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу демилге көтөрүлгөндө биздин фракция 15 берене боюнча сунуш берсек, жооп болбоду. Конституция тууралуу эки ирет фракция жыйын куруп, тиешелүү адамдарды чакырсак келбей коюшту. Ошондон улам биздин ой менен эч ким эсептешпей тургандыгын түшүндүк", — деди Төрөбаев.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери чечимдер көпчүлүкү коалицияда эмес, башка жакта чечилип жатты деген пикирин кошумчалады.

"Урматтуу Иса Шейшенкулович, сиз көпчүлүк коалициясын башкарып турганда мүчөлөрдү жыйнай алган жоксуз. Мен демилге көтөрүп, лидер катары Канат Исаевди шайлаганбыз. Төрт фракция лидерлеринин үчөөсү Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Тынчтык Шайназаровду шайлоону колдоп, сиз пикирди уккан жоксуз. Ага да макул болдук. Эң негизгизи коалициядагы чечимдер башка жакта чечилип жатты", — деди Төрөбаев.

Ал эми кийинки сөз кезегин алган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдоп, кийин ойт бергенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0