Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бурул Арзыгулова: Саламаттык сактоо министрлиги бир да табыпка лицензия берген эмес

© Фото / Е. АбдыразаковаСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Лицензия бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Арзыгулова
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Лицензия бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Арзыгулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке медициналык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна, анын ичинде элдик медицина менен алектенүүгө лицензия алыш үчүн, эң негизгиси медициналык билими тууралуу дипломдун болушу зарыл.
Бурул Арзыгулова: Саламаттык сактоо министрлиги бир да табыпка лицензия берген эмес

Саламаттык сактоо министрлиги бир да табыпка лицензия берген эмес. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Лицензия бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Арзыгулова кабарлады.

"Диплому жок болгондуктан, жеке табыптар, жеке медицина ишмердүүлүгүн жүргүзөм дегендер лицензия ала алган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги бир да лицензия берген эмес. Тийиштүү лицензиясы болбой туруп Кыргызстандын аймагында жеке медициналык ишмердик жүргүзүү мыйзамсыз деп эсептелинет", — деп билдирди Арзыгулова.

Мындан ары лицензиясы жок иштегендердин башка жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирбеши үчүн башка ведомстволор менен чогуу иш-чараларды алып баруу пландалууда. 

Арзыгулова бул багытта ИИМдин, Башкы прокуратуранын, Салык жана Финансы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүлө турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0