Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гүлжамал Жороева: ырчы менен мушташты делген вице-мэрдин үстүнөн иликтөө башталды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева
Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Темир Назаров менен Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров мушташты деген маалымат ЖМКларда тараган.
Гүлжамал Жороева: ырчы менен мушташты делген вице-мэрдин үстүнөн иликтөө башталды

Белгилүү ырчы Темир Назаров менен мушташты делген Ош шаарынын вице-мэринин үстүнөн кызматтык териштирүү башталганын Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева билдирди.

Анын айтымында, маалыматты тактоо боюнча мэр бир катар тапшырмаларды берген.

"Учурда окуя боюнча Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн кызматтык иликтөө иштери башталды", — деди Жороева.

Ош шаардык милициясы мушташты делген кишилердин эч кимисинен арыз келип түшпөгөнүн айтты. Ал ортодо ырчы Назаров вице-мэр Кадыров менен мушташпагынын билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0