Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Табылды Акеров: Атамбаев менен Текебаевдин тиреши коалициянын тарашына алып келди

© Фото / предоставлено Табылды АкеровымСаясий серепчи Табылды Акеровдун архивдик сүрөтү
Саясий серепчи Табылды Акеровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Табылды Акеров жаңы коалицияга "Республика — Ата-Журт" фракциясы кирет деген пикирде.
Табылды Акеров: Атамбаев менен Текебаевдин тиреши коалициянын тарашына алып келди

Атамбаев менен Текебаевдин тиреши коалициянын тарашына алып келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саясий серепчи Табылды Акеров билдирди.

Эске сала кетсек, дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы көпчүлүк коалициясынан чыга тургандыгын расмий түрдө билдирген. Эми мыйзам боюнча көпчүлүк коалиция, анын артынан өкмөт тарайт.

"Коалициянын тарашы мыйзам ченемдүү болду. Анткени президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев тирешип келет. Бул кадам экөөнүн ынтымакка келбей тургандыгын билгизди. Жаңы коалицияга "Республика — Ата-Журт" фракциясы кирет. Ал эми өкмөт башчы ордунда калып, айрым министрлер жумуштан кетиши мүмкүн", — деди Акеров. 

Буга чейин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Мекен" фракциялары кирип, жакында эле лидери болуп Канат Исаев дайындалган. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бир канча ирет көз караштар дал келбесе, "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекенди" коалициядан чыгып кетүүгө чакырган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0