Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Facebook компаниясын багындырган кыргыз кыз: картайдым деп окубай коюу туура эмес

© Фото / предоставлено Заремой АсанбековойFacebook компаниясында иштеген кыргыз кызы Зарема Асанбекова
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы Зарема Асанбекова картайдым деп окубай коюу таптакыр туура эмес деген пикирде.
Зарема Асанбекова: картайдым деп окубай коюу туура эмес

Анын айтымында, адам жаш курагына карабастан билимге умтулуусу керек. 

"Кыргызстанда мектепти бүткөн окуучулар кесипти туура тандаганды билишпейт. Төрт жыл убактысын жөн гана кетирип, диплом алгандан кийин ар кайсы иште жүрүшөт", — деди Асанбекова. 

Ал белгилегендей кыздардын барар жери күйөө деп турмушка эрте чыккандар көп.

"Күйөө табылат, бирок убакыт табылбайт. Буга ылайык балдар менен атаандаша билимге умтулуу зарыл", — деди Асанбекова. 

Үчүнчүдөн, картайдым деп эле окубай коюу туура эмес экенин айткан Асанбекова кайсы куракта болбосун билим алуу кеч болбойт дейт. 

"Кыргызстанда 25-30 жаштан өткөндөр карыдым дешет. Америкада болсо 60 жаштагылар дагы билим алуу үчүн чоң окуу жайларга тапшырат", — деп кошумчалады Асанбекова.

Facebook компаниясынын Сан-Францискодогу кеңсесинде текшерүүчү аналитик болуп иштеген Зарема Асанбекованын толук интервьюсун Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0