Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанар Акаев: казактар интернетти арзан баада алып бизге кымбат сатууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Жанарбек Акаев
Депутат VI созыва ЖК Жанарбек Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан Кыргызстан үчүн интернетти өтө кымбат баада сатып жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Жанар Акаев: казактар интернетти арзан баада алып бизге кымбат сатууда

Анын айтымында, аталган маселе боюнча атайын комиссия түзүү керек. 

"Бүт дүйнөдө интернет байланышы арзандап, өнүккөн өлкөлөрдө бекер болууда. Ал эми Кыргызстанда интернет баасы кымбаттап, сапаты начарлап жатат. Бааны казак провайдерлери көтөрүүдө. Буга чейин биз тарап менен жолугуп, бааны арзандатабыз дешкен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишим аткарылбай жатат. Кыргызстан интернетсиз калышы мүмкүн. Ушундай коркунуч бар", — деди Акаев. 

Эске сала кетсек, август айында жергиликтүү интернет провайдерлер баанын кымбатташын айтып чыккан. Алар бул кадам казак интернет операторлорунун бааны көтөрүп жатканын улам жасалып жатканын түшүндүргөн. Андан кийин эки тараптуу жолугушуу өтүп, бааны төмөндөтүү боюнча келишимге кол коюлган. Анткен менен маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. Ал эми КРдин ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Казакстан Россиядан 1 мегабайт интернетти 1,5 доллардан алып, бизге 30 доллардан сатып жатканын айтып, бул "акылга сыйбас" нерсе экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0