14:34 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдылдаев
© Фото / Зульфия Тургунова

Абдылдаев: картондо уктаган Исхак жана анын бир туугандарына жөлөк пул чектелди

Радио
Кыскача шилтеме алуу
11610

Картондо уктап коомчулукта кеп болгон үч жашар Исхак жана анын башка бир туугандарына мамлекет тарабынан айына 810 сомдон жөлөк пул чектелди.

Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдылдаев билдирди.

"Исхактын апасы Зульфия Үсөновага Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан паспорт берилди. Ал эми анын төрт баласы туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышты. Мындан тышкары, райондук социалдык фонду тарабынан 810 сомдон жөлөк пул чөгөрүлүп, ай сайын үй-бүлө 3240 сом алып турмай болду", — деди Абдылдаев.

Коомчулукта баланын картондо уктап калганы коомчулукта ызы-чуу жараткандан кийин гана жергиликтүү бийлик кам көрүү боюнча кыймылдап баштаган. 

Андан соң аталган үй-бүлөгө өкмөт тарабынан да материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Тема боюнча

Картондо уктаган үч жашар Исхак бала бакчага бара баштады
Белгилер:
жалгыз бой эне, жөлөк пул, Зульфия Үсөнова, Кара-Суу району

ЭҢ МААНИЛҮҮ