14:31 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
КР миграция кызматынын жетекчиси Бакыт Адылов
© Фото / пресс-служба Государственной службы миграции

Бакыт Адылов: Памир кыргыздарынын балдарын КРде окутуу каралууда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
3810

КР миграция кызматынын жетекчиси Бакыт Адылов учурда Памирде 2100дөй киши жашарын айтты.

3-11-октябрда Памирди жердеген этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Негизинен 10 миллион сомдун тегерегиндеги каражатка тамак-аш, дары-дармек жана кийим кече таратылып, элүүгө жакын боз үй берилди. 

Адылов Кыргызстандан барган экспедицияны Вахан провинциясынын акими Нахил Рахман коштоп жүргөнүн белгилеп, балдарды окутуу боюнча иштерге жардам берерин айтканын кошумчалады.

"Жаш балдарды окутуу боюнча Вахан провинциясынын акими жардам бере турган болду. Жакында аларды Бишкекке чакырып, сүйлөшүүлөр жүрөт. Кудай буюрса, Афганистандагы этникалык кыргыздарды кыргыз жергесине алып келип окутуу боюнча алгачкы кадамдарды иш жүзүнө ашырабыз", — дейт Адылов.

Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде 8 айыл, 208 кожолук бар. Ал жакта 1200жүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирде алты айыл бар, ал жакты 825 киши жердейт. Жалпысынан 2100гө жетпеген этникалык кыргыздар жашайт.

Памирдеги этникалык кыргыздарга берилген жардам, алардын жашоо-турмушу тууралуу видеону Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүз>>

Тема боюнча

Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу
Туурулган беттер, куудураган колдор. Памирдеги кыргыздар
Белгилер:
миграция, жардам, Бакыт Адылов, Памир

ЭҢ МААНИЛҮҮ