Эгемберди Мадумаров: кесиптик майрамга жылкы, кой союлган эмес
Эскерте кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттарында Өзгөн райондук милиция кызматкерлери кесиптик майрамын ашкере шаан-шөкөт менен өткөргөнүн жазып чыгышкан.
Мадумаровдун айтымында, жарыяланган маалымат карандай калп.
"Маалымат каржаттары жазып чыккандай кесиптик майрамга жылкы, 10 кой союлган эмес. Болгону 1-октябрда ИИМдин ардагерлерин чакырып сыйлашкан. Журналисттерди бир тараптуу жалган маалымат таркатуудан алыс болууга чакырат элек", — деди Мадумаров.
Ал макалага укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратура менен өкмөткө кайрылуу жөнөткөнүн кошумчалады.