Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Замир Аскаров: Ош шаарындагы дүң базарга чоң унаалар түнкүсүн гана киргизилет

© Фото / Зульфия ТургуноваВице-мэр города Ош Замир Аскаров
Вице-мэр города Ош Замир Аскаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров "Кербен Сарай" базарынын жолуна асфальт төшөлүп, жарык берүү системасы орнотулганын билдирди.
Замир Аскаров: Ош шаарындагы дүң базарга чоң унаалар түнкүсүн гана киргизилет

Ал ошондой эле тосмолор алынып кайрадан ишке кирген базарга жаңы эрежелер киргизилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине ырастады. 

"Мындан ары оор жүк ташуучу унааларга кечки саат 19.00дөн таңкы 7.00гө чейин гана базарга кирүүгө уруксат берилди. Себеби бул мезгилде базардын айланасында жарандардын саны аз болот. Мэрия тарабынан базардын жолуна асфальт төшөлүп, жарык берүү системасы орнотулду", — деп билдирди Аскаров. 

Эске салсак, Ош шаардык мэриясы дүң базардын сатуучуларын соода жайына киргизбей тосмолорду коюшкан. Буга 13-сентябрда базардын жашылча-жемиш сатуучу тарабындагы "Тешик-Таш" деп аталган жеринде кырсык катталып, андан 52 жаштагы аялдын көз жумушу себеп болгон. Сатуучулар азык-түлүктөрү чирип, чыгымга учурап жатышканын айтып, каршылык акциясына чыгышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0