Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темирлан Назарбеков: россиялык калыстар комузду угуп транска түшкөнүн айтышты

© Фото / Темирлан НазарбековКыргызстандык бийчи Темирлан Назарбеков
Кыргызстандык бийчи Темирлан Назарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык бийчи Темирлан Назарбеков Россиянын ТНТ каналындагы "Танцы" телешоусуна катышып, кийинки турга өттү.
Темирлан Назарбеков: россиялык калыстар комузду угуп транска түшкөнүн айтышты

21 жаштагы өнөрпоз комуздун коштоосундагы бийи менен россиялыктарды бир чети таң калдырып, бир чети суктандырды. Ал белгилүү комузчу Нурак Абдрахмановдун "Сары-Өзөк" күүсүнө бийлеген.

Калыстар — Сергей Светлаков менен Мигель комуздун күүсү керемет экенин айтышса, Игорь Дружинин ага бий өтө жакканын билдирген. 

"Сергей Светлаков комуздун күүсүн аябай жактырып, ага кызыкты. Буга чейин анын үнүн угуп көрбөсө керек. Ал эми Мигель комуздун үнүн угуп транска кирип кеткенин айтты. Игорь Дружинин болсо жалпысынан бийди жактырып, кийинки турга өттүң деп кубанычтуу кабарды айтты", — деди Назарбеков.

"Танцы" телешоусу жай айында тартылган. Анын эфирдик берүүлөрү эми гана каналдан көрсөтүлдү.

21 жаштагы Темирлан Назарбековдун толук интервьюсун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0