Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыяс Молдокасымов: курултайларда хандар шайланып келген

© Фото / пресс-служба партии "Бир-Бол"Кандидат исторических наук, журналист Кыяс Молдокасымов
Кандидат исторических наук, журналист Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Кыяс Молдокасымов курултайдын тарыхына, маңызына токтолду.
Кыяс Молдокасымов: курултайларда хандар шайланып келген

Илгери кыргыздардын тарыхында курултайларда хан шайланып келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

"Курултай — бул көчмөн элдердин олуттуу маселелери чечилип келген жалпы журттун жыйыны. Анда элдин, мамлекеттин тагдыры каралып келген. Көпчүлүк учурда курултайларда хандар шайланган. Мисалы моңголдор 1207-жылы Чыңгыз ханды хандыкка көтөрүшкөн. Ал эми 18-кылымда кыргыздардын оң канат, сол канат жана ичкилик уруулары чогулуп, калмактарга каршы туруу аракеттерин талкуулашкан. Ошондой эле Кокон хандыгынын мезгилинде дагы уруу башчылары чогулуп хандыкка кирүү, кирбөө маселесин көтөрүшкөн", — деди Молдокасымов. 

Тарыхчы мындан сырткары 1842-жылы курултай жолу менен Ормон хан да шайланганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0