Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбек Жапаров: мамкызматкерлерге иш учурунда соцтармакта отурууга тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью депутата Жогорку Кенеша Акылбек Усенбекович Жапаров
Интервью депутата Жогорку Кенеша Акылбек Усенбекович Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлер иш учурунда социалдык тармактарда отурбаш керек деген ойдо.
Акылбек Жапаров: мамкызматкерлерге иш учурунда соцтармакта отурууга тыюу салынды

Мамлекеттик кызматкерлерге иш учурунда соцтармакта отурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлү өзү билдирди. 

"Экономика министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси социалдык тармактарда депутаттарга комментарий берип жатат. Бул көрүнүш туура эмес го деп турам. Өзүм көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген адам катары мындай көрүнүш этикага жатпай тургандыгын айткым келет. Сегиз саат иштеп, социалдык тармакта отурбаш керек. Кечээ ЖК комитетинде ушундай сунуш берип, өкмөт колдоого алды. Эми мамлекеттик кызматкерлердин жумуш убагында социалдык тармакка кирүүгө укугу жок", — деди Жапаров. 

Демилгеге ылайык, эми мындан ары мамлекеттик кызматкерлер иш маалында социалдык тармактарга кире албай калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0