Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исхак Масалиев: депутаттардын тарайын деген ою жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Референдумга жол жок" кыймылы парламентти таратуу боюнча кол топтоосун баштаган.
Исхак Масалиев: депутаттардын тарайын деген ою жок

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев кол топтоо менен парламентти эч ким тарата албайт деген пикирде. Бул тууралуу эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Азыр кол топтоо менен парламентти эч ким тарата албайт. Андай норма жок. Миллиондогон шайлоочулардын добушун 100 миң кол жокко чыгара албайт да. Ал эми референдум өткөндөн кийин ЖК тарасын деген талап коюлган эмес. Тескерисинче, президент менен ЖК өз мөөнөтү бүткөнчө иштесин деген жери бар. Бирок эл өкүлдөрү өзүлөрү тарайбыз деп маселе көтөрүшү мүмкүн. Чынын айтканда, депутаттардын 90 пайызынын кеткиси жок. Ушундай мээнет менен келип, чоң долбоорлорду баштаган соң ким баш тартат", — деди Масалиев.

Ал анткен менен партиянын съездинде кетүү тууралуу чечим кабыл алынса, анда айла жок экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0