Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дастан Бекешов: Окуучулар мектепке чай ичкени барабы же билим алганыбы?

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешовдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов мектептердеги түшкү тамакты убактылуу токтотуп туруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Дастан Бекешов: Окуучулар мектепке чай ичкени барабы же билим алганыбы?

Анын айтымында мектеп окуучуларга түшкү тамак үчүн жылына 450 миллион сом бөлүнөт.

"Мектеп окуучуларына жылына 450 миллион сом бөлүнөт экен. Мындан сырткары жергиликтүү бийликтер кошумча каражат бөлүшөт. Мисалы, Бишкек мэриясы бир күндө бир бала үчүн 7 сомдон кошот. Тилекке каршы, каражаттар натыйжалуу колдонулбай жатат. Анткени ысык тамак берилбей эле чай менен булочка таратылат. Ал эми китептерге болсо 120 миллион сом каралат. Бул деген үч эсе аз да. Окуучулар чай ичкени барабы же билим алганы барабы?" — деди Бекешов.

Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаева министрлик тарабынан мектептердеги түшкү тамактын сапатын жакшыртуу жаатында көп иштер жасалып жатканын айтты.

"2013-жылы ысык тамакты оптималдаштыруу долбоору ишке ашып, 800 мектептин ашканасы жаңыланган. Мындан сырткары ошол мектептерде ашпозчулар дайындалган. Чоң иштер жасалып жатканда токтотуп коюу акылга сыйбайт", — деди Мусаева. 

Учурда "Азык-түлүк" программасынын алкагында донор тартылып, өлкө ичинде 450 мектептин ашканасын ремонттон өткөрүү менен ысык суу киргизилген. Ал эми "Мерсико" долборунун алкагында 75 мектептин ашканасы заманбап үлгүдөгү техникалар менен жабдууланган. Учурда дагы 450 мектептин ашканасын жакшыртуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0