Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дарыгер Абдраманов: аритмияны дарылабаса адамды майып кылышы мүмкүн

© Фото / К. ЭргешовКыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов
Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аритмия илдети кыргызстандыктардын назарына түшүп турган чак. Себеби, президент Алмазбек Атамбаев 19-сентябрдан бери сыркоолоп, ал эми 23-сентябрдан тарта Москвада дарыланууда. Дарыгерлер Атамбаев жүрөк аритмиясына чалдыкканын айтышты.
Дарыгер Абдраманов: аритмияны дарылабаса адамды майып кылышы мүмкүн

Аталган оору жөнүндө Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов айтып берди.

"Аритмияны дарылабаса адамды майып кылышы мүмкүн. Болгондо да чукул өлүмгө алып келчү түрлөрүн пайда кылат. Илдет күчөп кетсе кандын уюп калышына, инфарктка, инсультка алып келет. Бул адам үчүн албетте, кооптуу жагдай", — деди Абдраманов.

Аны айтымында, аталган илдет менен аял кишилер да арбын жабыркайт. 

"Аялдардын климаксы башталган учурда аритмиянын түрлөрү көп кездешет. Көбү жүрөк ооруп жатканын айтып кайрылат, текшере келгенде алардын климакс курагын байкоого болот", — деди дарыгер.

Дарыгер аритмия адамдардын күнүмдүк жашоо-турмушундагы кездешкен үй-бүлөлүк, адамдар арасындагы татаалдашкан мамиледен улам да келип чыгышы мүмкүндүгүн кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0