Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мавлян Аскарбеков: референдумга каршы кол топтойбуз

© Фото / из личного архива Мавляна Аскарбекова"Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун архивдик сүрөтү
Референдумга жол жок кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңешти таратуу боюнча жана референдумга каршы кол топтоо башталганын билдирди.
Мавлян Аскарбеков: референдумга каршы кол топтойбуз

Эске сала кетсек, КСДП, "Республика — Ата-Журат", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Аталган сунушту президент колдоо алганы менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар каршы чыгышкан. Ошондон улам өлкөдөгү саясий кырдаал күч алып кеткен. 

"Бүгүн "Рефендумга жол жок" кыймылы жыйын өткөрүп, анда бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамсыз аракеттери жасаганы айтылды. Кыргызстан боюнча референдумга каршы жана Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кол топтоону баштадык", — деди Аскарбеков. 

Ал аталган кыймылдын курултайы 8-октябрга дайындалганын, кол чогултуу ошол күнкү курултайда аяктарын кошумчалады. 

Белгилей кетсек, демилгечилер референдумду 4-декабрга өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0