Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акимжан Эргешов: ажылык сапарга аттангандардын көпчүлүгү үйлөрүнө келишти

© Фото / пресс-служба ДУМК КРКыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары ажылык сапарга аттангандар кезек-кезеги менен мекенине кайтышууда.
Акимжан Эргешов: ажылык сапарга аттангандардын көпчүлүгү үйлөрүнө келишти

Анын айтымында, бүгүн зыяратчылардын алтынчы каттамы келип конду. 

"Учурда ажылык сапарга баргандарыбыздын көпчүлүгү мекенине кайтып келишти. Учурда түндүк региондон баргандар толугу менен келип бүттү. Ал эми түштүк региондон болсо үч каттам, жалпы болуп алты каттам келди. Калган ажылардын 30-сентябрга чейин келиши күтүлүүдө", — деди Эргешов. 

Эске салсак, Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн. Ажылар 18-сентябрдан тарта Кыргызстанга кайта башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0