Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зиядин Жамалдинов: мектеп директорлорун 5 жыл сыйын алмаштыруу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты мектеп директорлору 15 жылдап иштен алынбай жатканына нааразы экендигин парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Зиядин Жамалдинов: мектеп директорлорун 5 жыл сыйын алмаштыруу керек

"Буга чейин билим берүү министри мектеп директорлору 5 жыл гана иштейт деп айткан эле. Бүгүнкү күндө карап көрсөк, айрымдар 10-15-жылдан бери директор болуп иштеп келет. Алар кызмат орундарын эстафета катары кыз-келиндерине өткөрүп берүү максаттары бар. Директорлорго август айында сезон келет. Миңдеген адамдар балдарын мектепте бере албай, эшиктеринде сагалап жүрөт", — деди депутат. 

Эл өкүлү беш жыл иштегенден кийин директордун ордуна башка кадр келиши керек деп эсептейт. Анын айтымында, жаш мугалимдерге да мектепти башкарууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

Жамалдинов айрым директорлор шайлоо учурунда партияларга иштеп жатканын айтып, мындай болбошу керектигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0