Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сабыр Жумабеков: кырсыкка кабылган кыздын колу жанчылып калыптыр

© Sputnik / Нургуль МаксутоваБишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү
Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө ооруканага жол кырсыгынан улам түшкөн он кишинин бирөөсүнүн, жаш кыздын колу жанчылып, тамырлары үзүлүп жарабай калгандыктан, кесип салууга туура келди. Бул туурасында Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Сабыр Жумабеков: кырсыкка кабылган кыздын колу жанчылып калыптыр

"Бирөө жаш кыз экен, бир жак колу жанчылып, билектен өйдө жактагы кан тамырлары үзүлүп, жарабай калыптыр. Хирургдар менен кеңешип, колун ампутация кылдык. Эттери жанчылган жети адам медициналык жардам алып, өз каалоосу менен үйүнө кетти. Жаракат алган дагы экөөнү өзүбүздүн бөлүмдөргө жаткырдык",— деди Жумабеков.

Түндө Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө "Форум" деп аталган имаратынын жанында жүргүнчүсү менен бара жаткан №138 маршруттук унаа ала салып, бир нече киши жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0