Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аида Салянова: 1 млн. сомдук паранын бетин ачкан адамды эмнеге сыйлабаш керек?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову
Президент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын пара тууралуу кабар берген адамга акчанын 30 пайызын төлөп берүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке алып чыгып, маселе экинчи окууда каралды.
Аида Салянова: 1 млн. сомдук паранын бетин ачка адамды эмнеге сыйлабаш керек?

"Бир канча сунуштар түшүп, алар эске алынды. Демилгеге ылайык, ким пара тууралуу маалымат берсе, ошол акчанын 30 пайызын алат. Эмне үчүн миллион сомдук паранын бетин ачкан адам 30 пайызын албашы керек?" — деди Салянова. 

Бул демилге парламентте бир топ талкууну жаратты. Негизинен депутаттар сый акы катары берилүүчү каражат кимдин эсебинен төлөнөрүнө, бюджетке кандай таасири тиерине кызыгышты. 

Талкуу учурунда депутаттар Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров, Дастан Жумабеков жана Жанар Акаевдер мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырып, мыйзамдын иштеп кетүү механизмдерин тактоо сунуштарын беришти.

Аталган меселе боюнча Sputnik Кыргызстан материалынан кеңири окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0