Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Медер Болгомбаев: даректерди таап берүүчү тиркеме иштеп чыктык

© Фото / Темирлан АтабековИшкерлик менен алектенген Медер Болгомбаев 7 Cliks тиркемесин иштеп чыкты
Ишкерлик менен алектенген Медер Болгомбаев 7 Cliks тиркемесин иштеп чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлик менен алектенген Медер Болгомбаев 7 Cliks тиркемесин иштеп чыкты. Анын айтымында, аталган тиркеме аркылуу жарандар Кыргызстандын аймагында жайгашкан бардык объектилердин дарегин таап алса болот.
Медер Болгомбаев: даректерди таап берүүчү тиркеме иштеп чыктык

"Тиркемеде кафе, ресторан, мамлекеттик органдардан тартып айылдагы чарбалардын дарегине чейин камтылган. Мындай нерсе туристтерге, ишкерлерге жана жалпы элге ыңгайлуу шарт түзүп берет", — деп билдирди Болгомбаев. 

Ишкердин айтымында,жаңы чыккан продуктуну иштеп чыгууга үч жыл кетип, 40 миң доллардан ашык каражат сарпталган. Тиркеме мындан ары дагы 2018-жылга чейин жакшыртылат. 

Каалоочулар уюлдук аппараттагы Playmarket дүкөнүнөн тиркемени бекер эле жүктөп алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0