Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Марс Сариев: эки тараптуу кагылышуудан бийлик да, Текебаев да жабыркап жатат

© Фото / Аман СариевСерепчи Марс Сариевдин архивдик сүрөтү
Серепчи Марс Сариевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик тарап Конституцияны өзгөртүүнү демилгелегенден кийин айрым УО мүчөлөрү караманча каршы экендигин билдирип чыгышкан. Ошондон улам абал курчуп, Текебаев менен Атамбаевдин тирешүүсү от алган.
Марс Сариев: эки тараптуу кагылышуудан бийлик да, Текебаев да жабыркап жатат

"Баарыңыздар көрүп тургандай, "Ата Мекен" фракциясы менен бийлик тарап талашып жатат. Ошондон улам "Ата Мекенди" көпчүлүк коалициядан чыгаруу аракеттери көрүлгөн. Бирок Өмүрбек Текебаев абалды байкап, чыкпай тургандыгын жар салды. Эгер ал чыгып кетсе, ордуна "Республика — Ата-Журт" фракциясы кошулушу мүмкүн. Бирок конфликт ушул бойдон токтосо керек. Анткени эки тарап тең утулуп жатканын байкап калды", — деди Сариев.

Эске сала кетсек, "РАЖ" лидери Өмүрбек Бабанов коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0