Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Замир Сыдыков: аялды тебелетип кеткен айдоочу эки айга камакка алынды

© Sputnik / Исмаил МамытовПредставитель пресс-службы Ошского областного ГУВД Замир Сыдыков
Представитель пресс-службы Ошского областного ГУВД Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял алган жараатынын улам ооруканага жетпей каза болгон.
Замир Сыдыков: аялды тебелетип кеткен айдоочу эки айга камакка алынды

Ош шаарындагы базардын чыга беришинде автоунаанын оң эместигинен улам, айдоочу 52 жаштагы аялды тебелетип алып, ал ооруканага жетпей каза болгон. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

Окуя Ош шаарындагы борбордук базарынын жашылча-жемиш сатуучу тарабындагы "Тешик-Таш" деп аталган жеринде болгон.

"Кырсык болжол менен саат түшкү 15:00 чамасында болгон. 23 жаштагы айдоочу Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаасы менен өзүнө тиешелүү жүктөрдү алып өйдөлүштөн чыгып бара жатканда, тормоздук системасы кармабай, артка кеткен. Анын кесепетинен Ош шаарындагы Жапалак айылынын 52 жаштагы тургунун тебелетип алган", — деп билдирди Сыдыков.

Аял алган жараатынын улам ооруканага жетпей каза болгон. 

Маалымат катчы бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынганын кошумчалады. 

Ага Кылмыш кодексинин 282-беренеси (автотранспортту туура эмес пайдаланып, анын натыйжасында адам өлүмүнө алып келген) менен иш козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0