Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максат Атабаев: КР жарандары ажылык амалдарынын акыркыларын аткарууда

© Фото / пресс-служба ДУМК КРКР муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев
КР муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Сауд Аравиясында мусулманчылыктын бир парзы болгон ажылык амалдарын дүйнөнүн чар тарабынан келген зыяратчылар аткарууда.
Максат Атабаев: КР жарандары ажылык амалдарынын акыркыларын аткарууда

Кыргызстандык зыяратчылар ажылык амалдарынын акыркыларын аткарып жатканын Сауд Аравиясында ажыларды коштоп жүргөн КР муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргызстандык зыяратчылар Мина өрөөнүнө келишти.

"Акыркы амалдар аткарылгандан кийин ажылар эс алып, Кыргызстанга кайтууга даярдыктарды көрөт. Андан сырткары, Сауд Аварияда күн ысык болгондуктан айрым ажылардын кан басымы көтөрүлүп, кант диабетинен жабыркагандар болууда. Аларга дарыгерлер керектүү болгон бардык жардамдарды көрсөтүп жатат", — деди ал.

Атабаев кыргызстандык ажылар 17-сентябардан баштап мекенине кайта турганын, алгачкы үч каттам Бишкекке консо, калган 11 каттам Ошко конорун билдирди. Ажылардын акыркылары 30-сентярда келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0