Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адахан Мадумаров: Конституция боюнча талкуу президенттин чөйрөсүндө гана болду

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, экс-спикер Адахан Мадумаров. Архив
Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери, экс-спикер Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, экс-спикер Адахан Мадумаров Конституция боюнча талкуу максатына жеткен жок деген ойдо.
Адахан Мадумаров: Конституция боюнча талкуу президенттин чөйрөсүндө гана болду

"Эгерде Конституцияны өзгөртүүнү каалаган азаматтар үчүн кыргыз журту бул президенттин аппараты менен КСДП фракциясы болсо, анда талкуу соңуна чыкты. Бирок коомду ар ким ар кандай түшүнөт. Мен үчүн кыргыз коому бул алты миллиондон ашуун эл. Жалпы эл эмес, Жогорку Кеңештеги 120 депутат да талкууга катыша элек", — деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн. Бул коомчулукта ар кандай кайчы пикирлерди жаратып келет.

Буга чейин депутат Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыгышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0