Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максат Атабаев: кыргызстандык зыяратчылар Арафат өрөөнүнө келишти

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев. Архив
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын маалымат катчысы Атабаевдин айтымында кыргызстандык ажылар Сауд Аравиясынын ажылык министри тарабынан бөлүнгөн чатырларга тобу менен жайгаштырылууда.
Максат Атабаев: кыргызстандык зыяратчылар Арафат өрөөнүнө келишти

Ошондой эле ажыларга ден соолугуна кам көрүү боюнча түшүндүрүү иштери такай жүргүзүлүүүдө.

"Биздин дарыгерлер ажылардын ооруп калышынын алдын алууда. Андан сырткары тамак-ашты этияттап ичүү, ооруларды жуктуруп албоо үчүн санитардык нормаларды сактоо боюнча да түшүндүрүү иштери жүрүүдө", — дейт муфтияттын маалымат катчысы.

Алдыда кыргызстандык ажылардын Муздалифа өрөөнүнө баруу, шайтанга таш ыргытуу, курмандык союу, чач алдыруу жана Каабага баруу амалдары калды. Ажылардын алгачкылары 17-сентябрда келсе, акыркылары 30-сентябрда келе турганын Атабаев белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0