Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чабандес Калысбек уулу Болот: бүгүнкү күнгө чейин утула элек атты жеңип алдык

© Sputnik / Исмаил МамытовБайгеде биринчи болуп келген “Ак жолтой” күлүктүн чабандеси Калысбек уулу Болот.
Байгеде биринчи болуп келген “Ак жолтой” күлүктүн чабандеси Калысбек уулу Болот. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байгеде биринчи болуп келген “Ак жолтой” күлүктүн чабандеси Калысбек уулу Болот Көчмөндөр оюндарына эки ай катуу даярдангандыгын билдирди.
Чабандес Калысбек уулу Болот: бүгүнкү күнгө чейин утула элек атты жеңип алдык

Буга чейинки эч бир жолу жеңилип көрбөгөн Лоция атын утуп алганыма кубанып турам. Бул тууралуу бышты жорго чабышты жеңип алган Ысык-Көлдүн “Ак жолто” атынын чабандеси Калысбек уулу Болот билдирди.

Белгилей кетсек, 7200 метр аралыкка чуркаган 18 күлүктүн ичинен Ак жолтой аты марага биринчи болуп келген.

"Мен 12 жашымдан бери бул спорт менен машыгып келем. Бүгүн буга чейин бир да ирет жеңилбеген Лоция атын утуп алганыма куьанып турам. Көчмөндөр оюндарына эки ай катуу даярдандык. Мен максатыма жеткениме сыймыктанып турам", — деди чабандес.

Ал аталган ат Тоң районунун 80 жылдыгына арналган байгени да жеңип алгандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, белгилүү Лоция аты экинчи орунду алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0