Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмазбек Атамбаев: элдин мойнундагы жүз жылдык парзды өтөп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев 2-сентябрда "Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексте 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын ачуу аземине катышты.
Алмазбек Атамбаев: элдин мойнундагы жүз жылдык парзды өтөп жатабыз

Өлкө башчысы өз сөзүндө бүгүн кыргыз эли үчүн өзгөчө күн экенин баса белгилеп, элдин жүрөгүн жүз жылдан бери оорутуп жүргөн ыйык парзды өтөп жатканын айтты.

"Бүгүн биз жүз жыл мурда улуттук көтөрүлүштө, Үркүндө шейит болгондордун жаркын элесине арналган эстелик ачып жатабыз. Кечирип койгула бизди, ошо каргашалуу окуяларда курман болгон аталар, апалар, кыз-жигиттер, наристелер, ымыркайлар!", — деп айтты.

Атамбаев арбак ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши оңолбойт деген сөз элде бекеринен айтылбай келгенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0