Дүйшөмбүдө аба ырайы кескин өзгөрүп тоолуу аймактарда 35 градус суук болот

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. 23-24-январда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот.

Караколдогу муз аянтчасы - Sputnik Кыргызстан
Караколдо 10 муз аянтчасы иштеп жатат
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө —8…-13 градус, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө —10…-15 градус, күндүз 0…-5 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —3…-8 градус суук, күндүз —4 градус сууктан…+1 градуска чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —7…-12 градус, күндүз —1…-6 градус суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —25…-30 градус, күндүз —13…-18 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —30…-35 градус, күндүз —15…-20 градус суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0