Кыргызгидромет: жума күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники правоохранительных органов прочесывают Ботанический сад в Бишкеке
Сотрудники правоохранительных органов прочесывают Ботанический сад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын туман каптап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Караколдогу муз аянтчасы - Sputnik Кыргызстан
Караколдо 10 муз аянтчасы иштеп жатат
Маалыматка ылайык, 20-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында туман түшүп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. 

Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн —7…-12 градус суук болсо, күндүз +4…+9 градус жылуу болот. 

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн —2…-7 градус суук болуп, күндүз абанын температурасы +2…+7 градус жылуу болот. 

Нарын облусунда күндүз —13…-18 градус суук болсо, түнкүсүн —24…-29 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0