Кыргызстандын эң начар китепканалары аныкталды

© Фото / Пресс-служба МЧС КРКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кароо-сынакка жалпы 1061 китепкана катышкан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эң начар китепканалары аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Ага ылайык, аталган министрлик өлкөдө "Эң мыкты китепкана" жана "Эң начар китапкана" аттуу кароо-сынак өткөрүп, начар китепканалардын тизмесин ачыкка чыгарды:

  • Баткен облусу, Баткен шаардык китепканасы, башчысы С. Масеитова
  • Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айыл округу, Жетиген китепканасы
  • Ысык-Көл облусу, Тоң району. Көк-Мойнок айыл округу, Көк-Мойнок айылы, № 1-китепканасы
  • Нарын облусу, Кочкор району, "Комсомол" айылдык китепканасы
  • Нарын району Ак-Кудук айылынын китепканасы,
  • Ош облусу. Кара-Кулжа району, Биринчи Май айылынын китепканасы 
  • Талас облусу, Талас району, Бердике баатыр айыл округу, Козучак айылынын китепканасы
  • Манас району, Кыргызстан айыл округу, Көк-Дөбө айылынын китепканасы

Белгилей кетсек, кароо-сынакка жалпысынан 1061 китепкана катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0