Өлкөнүн көпчүлүк аймактарына туман түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТуман учурунда көчөдө турган адамдар. Архив
Туман учурунда көчөдө турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, тактап айтканда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жарандык авиация: Boeing-747 учагынын конушуна туман жолтоо болгон эмес
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө күндүз —3…+2 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +3…+8 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көлдө 4 градуска чейин жылыса, Нарында күндүз —13…-18 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0