21:03 17 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Мектеп окуучулары эс алууда. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын мектептери беш күндүк тартипке өтөт

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
184032

Эгер жумалык жүктөмү 30 сааттан ашкан мектептер алты күндүк окуу тартибинде окуй берет.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы мектептер 2016-2017-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгынан тарта беш күндүк тартипке өтүү боюнча буйрук чыкканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, базистик окуу планы менен окуган, бир жумадагы сабактар 30 сааттан ашпаган бардык мектептер беш күндүк тартипке өтөт. Бирок статусу бар лицей, гимназиялар, окуу комплекстери алты күндүк тартипте окуйт. Бул айырмачылыктарды Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самаркүл Умралиева мындайча түшүндүрдү.

"КР өкмөтүнүн 403-токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиктен быйылкы окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында окуучулардын жумалык окуу жүктөмүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Окуу процесси төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт. Эгерде мектеп базистик окуу план менен иштеп, жумалык жүктөмү 30 сааттан ашпаса алар 5 күндүк тартипке өтөт. Ал эми бир жумалык окуу жүктөмү 30 сааттан ашса, анда окуучулардын санитардык-гигиеналык режимин сактоо үчүн алты күндүк тартипке өткөрүлдү", — деди Умралиева.

Талап боюнча санитардык гигиеналык режим 5-6 сааттан ашпашы керек шарт.

Тема боюнча

Январдан тарта "Ата-энелер үчүн радио мектеп" программасы уктурула баштайт
Борбор калаада мектеп окуучулары үчүн ийримдер иштеп жатат
Бишкектеги №25 мектеп 2 млн. сомго реконструкцияланат
Белгилер:
мектеп, Билим берүү жана илим министрлиги, Самаркүл Умралиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ