Эртең өлкөнүн айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот

Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 12-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Ледовый каток в селе Баетов Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаада элди спортко шыктандырган 50 сомдук жалгыз муз аянт иштеп жатат
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүйдө —1…+4, Таласта —2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көлдө —2…+3 градус болсо, Нарында —12…-17 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0