Өлкөдө өтө ашыкча салмак менен аялдар көбүрөөк жабыр тартат

© AFP / VANDERLEI ALMEIDAПроблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро
Проблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Толуп кетүү кыргызстандыктар арасында өзгөчө пенсия чыгар алдындагы же пенсия курагындагы адамдарда көп байкалат деп айтылат изилдөөлөрдө.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Орто жаштагы кыргызстандыктардын салмак боюнча көйгөйү — тойбой калганга караганда семиздик болуп эсептелет. Бул туурасында Статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. 

"2015-жылы орто жаштагы кыргызстандыктар үчүн арык болгонго караганда семирип кетүү кадимки көйгөй болуп калды. Бул эркектердин 36,2, ал эми аялдардын 30,7 пайызынын баш оорусу болуп калды", — делет билдирүүдө. 

Ал эми өтө эле семирип кеткендер боюнча алсак, эркектерге (8,3 пайызды) караганда аялдар (12,4 пайыз) көп жапа чегери анык болгон. 

Статком толуп кетүү өзгөчө пенсия чыгар алдындагы же пенсия курагындагы адамдарда көп байкалгандыгын жазган. 

Аталган ведомство Кыргызстанда ашыкча эмес, өзүнүн салмагы менен эркектердин 54,8, ал эми аялдардын 54,6 пайызы жашай турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0