Былтыр экстремизм жана террорчулук боюнча издөө салынган 66 киши кармалган

© AFP / Jose CABEZAS Задержание, арест подозреваемых
Задержание, арест подозреваемых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-Башкы башкармалык жана анын жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан бардыгы болуп 1216 кылмыштын бети ачылган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кылмыш ачуу жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо боюнча 2016-жылдын 11 айынын ичинде издөөдө жүргөн 66 киши кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Былтыркы жылдын акыркы айында ИИМдин 10-Башкы башкармалык жана анын жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан бардыгы болуп 1216 кылмыштын бети ачылган жана издөө салынган 66 кылмышкер кармалды", — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейинки маалыматта диний экстремизмди жайылтуу боюнча 400дөн ашык факты аныкталып, анын ичинен 169су боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0