Мамлекеттик кызматта аялдардын саны эркектерге караганда алда канча аз. Статистика

Жазылуу
Жогорку Кеңештин аппаратында иштегендердин жарымынан көбүн эркектер (6,4 пайызы) түзөт, ал эми кыз-келиндер 36 пайыз экен.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик бийлик органдары менен мамлекеттик кызматтарда иштегендердин 40 пайыздан ашыгы аялдар, ал эми 60 пайызга чукулу эркектер. Бул туурасында Статкомдун 2016-жылдын 1-январына карата берген маалыматында айтылат.

Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Конные виды спорта - Sputnik Кыргызстан
Статком: Кыргызстанда 1000 аялга 981 эркек туура келет
Башынан санай келгенде, Жогорку Кеңештин аппаратында иштегендердин жарымынан көбүн эркектер (64 пайызы), ал эми кыз-келиндер 36 пайыз экен.

Президенттин аппаратында иштеген аялдардын саны 23 пайызга араң чукулдаса, эркек жолдоштор 77,1 пайыз. Өкмөттүн аппаратында кыз-келиндер менен эркектер 27,4 жана 72,6 пайыз болгон.

Ал эми аялдардын көрсөткүчү абдан аз болгон үч ведомство бар экен. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта 4 пайызы аялдар, 96 пайызы эркектер. Баңги заттарына көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик кызматта 8,2 пайызы кыз-келиндер, 91,8 пайызы эркектер. Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонд 6,9 аялдар, 93,1 пайызы эркектер экендигин Статком билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0