Эртең айрым аймактарда кар жаайт

© пресс-служба мэрии города БишкекКар тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери. Архив
Кар тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 7-январда кээ бир райондордо кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасыга 2-7 метрге жетет.

Күндүз Чүй, Талас облустарында —4…+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында —3…+2 градус, Ысык-Көлдө 0…-5 жана Нарында —11…-16 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0