Жума күнү өлкөдө күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековДетские дома на отдыхе на горнолыжной базе
Детские дома на отдыхе на горнолыжной базе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 

"Бишкек жана Ош шаарларында күн 1 градустан 3 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта. 

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз 4 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактары 3 градустан 5 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл облусунда 2 градуска чейин жылуу болсо, ал эми тоолуу Нарында 12 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0