Статком: Кыргызстанда 1000 аялга 981 эркек туура келет

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые всемирные игры кочевников. День пятый. Конные виды спорта
Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Конные виды спорта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар жергесинде аялзаты көптүк кылса, элетте эркек балдар арбын төрөлүүдө.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Эркектер менен аялдардын 2016-жылдын 1-январга карата саны 6 миллион 20 миңди түзсө, алардын ичинен аял калкы эркектерге караганда 58 000ге көптүк кылат. Бул туурасында Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Кыргызстанда 3 миллион 39 миң аял, 2 миллион 981 миң эркек бар. 

"Республика боюнча бөлө келгенде бирдей эмес. Шаар жергесинде аялдар көптүк кылып, 52,5 пайызды түзсө, элетте эркек балдар арбын төрөлүп, көрсөткүч тең жарымынан көп", — деп айтылат аталган ведомствонун сайтындагы маалыматта.

Кыргызстанда 1000 аялга 981 эркек туура келет деп билдирди Статистика комитети.

Жаңылыктар түрмөгү
0