Эртең жаңы жылдын биринчи кары жаайт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЗима в регионах России
Зима в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Шейшембиде өлкө боюнча кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түндүктөн соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 

"Бишкекте 2 градус, Ош шаарында 3 градус жылуу болушу күтүлөт", — деп жазылат маалыматта. 

Фотофакт: завораживающая панорама новогоднего салюта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: Бишкектеги көз жоосун алган салюттун панорамадан көрүнүшү
2-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-145-150-чакырымдарында,Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Нарын-Казарман унаа жолунун 42-44-67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу, Ийри–Суу тилкеси) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0