31-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековСнежная битва в парке имени Даира Асанова
Снежная битва в парке имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрда жана 1-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 0…+5 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында +1…+6 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 0…+5 градуска чейин жылыса, Нарында күндүз —8…-13 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0