Британ порталы Ала-Арча капчыгайын туристтер көп барган ажайып жай атады

© Фото / Геннадий ЗакировАла-Арча капчыгайы. Архив
Ала-Арча капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган компаниянын серепчилери TripAdvisor туристтик сервистин маалыматына таянып атайын карта түзүшкөн. Анда ар бир өлкөдөгү саякатчылар үчүн кооз жерлер белгиленген.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Британиянын Vouchercloud деп аталган аналитикалык порталы Ала-Арча капчыгайын туристтер көп барган ажайып жай деп атады.

© Sputnik / Геннадий Закиров"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала- Арча суусу агат. Ала-Арча жаратылыш паркы 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында уюшулган.
2/2
Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала- Арча суусу агат. Ала-Арча жаратылыш паркы 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында уюшулган.
1/2
"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан
2/2
Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала- Арча суусу агат. Ала-Арча жаратылыш паркы 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында уюшулган.

Аталган компаниянын серепчилери TripAdvisor туристтик сервистин маалыматына таянып атайын карта түзүшкөн. Анда ар бир өлкөдөгү саякатчылар үчүн кооз жерлер белгиленген.

Күнөстүү Кыргызстан. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын асмандан көрүнүшү
Коңшу Казакстанда башкы ажайып жай катары бийик тоолуу "Медеу" спорт комплекси аталса, Өзбекстанда Самарканддын жүрөгү болгон "Регистан" аянты тандалган. Ал эми Тажикстанда ажайып жай делип Душанбенин борборундагы Рудаки паркы аталган.

Россияда туристтер көп барган жер болуп Санкт-Петербургдагы "Спаса на крови" храмы эсептелет. Туристтер Түркияда Стамбул шаарындагы Айя-София соборуна, АКШда Нью-Йорктогу Борбордук паркка көп барышат. 

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала- Арча суусу агат. Ала-Арча жаратылыш паркы 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында уюшулган.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0